Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:57

Беларус бийлиги оппозициячыл банкир Бабариконун ишин тергеп бүттү


Виктор Бабарико.
Виктор Бабарико.

Беларустун Мамлекеттик коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгы «Белгазпромбанктын» топ-менежерлерине карата кылмыш ишин тергеп бүттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын расмий сайтында кабарланды. Банктын башкармалыгынын мурдагы башчысы, Беларустун президенттигине талапкер болуш үчүн аракет кылган Виктор Бабарико «кылмыштуу ишмердиктин уюштуруучусу» катары көрсөтүлгөн.

Оппозициячыл саясатчы пара алган жана кылмыштуу жол менен табылган өтө көп каражатты адалдаган деп айыпталууда.

Мындай Бабариконун алты орун басарына жана «Активлизинг» компаниясынын негиздөөчүсү Виктор Кобякка айып коюлган.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы Виктор Бабарикону президенттикке талапкер катары каттабай койгон. Ал быйыл июнда кармалып тергөө абагында отурат.

XS
SM
MD
LG