Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Абактан бошотулгандар боюнча ачык маалымат берүү тууралуу талап коюлду


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда абактан бошотулган эки жүздөн ашуун адам тууралуу маалымат коомчулукка ачык жарыяланышы керек. Мындай талап 24-ноябрда президенттикке талапкерлердин Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтылды.

“Реформа” партиясынын лидери, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова белгилегендей, кыска аралыкта мунапыс жарыялоонун мыйзамдуу жолу жок:

“Өтө кыска мөөнөт аралыгында мунапыс алышты. Мыйзамда жазылган процедура боюнча мындай болуу мүмкүн эмес эле. Себеби ал жерде кайсы бир этаптар каралган. Президентке караштуу Мунапыс комиссиясы жалаң коомчулук өкүлдөрүнөн турат. Демек, коомчулук кимге мунапыс берилгенин билүүгө укуктуу”.

Сооронкулова маалыматтын ачык эместиги мунапыс алгандардын арасында оор кылмыш жасагандар болушу ыктымал деген күмөн саноо жаратып жатканын белгиледи.

Жапаров президенттин милдетин октябрдагы бийлик алмашуудан кийин бир ай, 15-октябрдан 15-ноябрга чейин аткарды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ошол учурда ал жарлыкка кол коюп, абакта отурган 230 адамды мунапыс боюнча бошотконун, дагы 38 адамдын жаза мөөнөтүн кыскартканын 20-ноябрда кабарлады.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек бул тууралуу:

“Ырайым берүү боюнча эки миңден ашык кайрылуу каралган. Президенттин жарлыгы боюнча эки жүздөн ашык ырайым берилген. Алар оор эмес кылмыш кылгандар. Алардын арасында аялдар, өспүрүмдөр жана ден соолугу өтө начарлап кеткендер бар. Мындан ары дагы ырайым берүү боюнча кайрылуулар дыкат текшерилет. Бул багытта иш улантылат” деп айткан.

Мыйзам боюнча мунапыс маселеси алгач парламентте үч окууда талкууланып, чечим кабыл алынгандан кийин президенттик аппаратта каралат.

Улгайган адамдар, өспүрүмдөр жана аялдар бошотулган мунапыс Кыргызстанда быйыл май айында эле болгон.

Жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө он миңге жакын адам кармалары буга чейин кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG