Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Садыр Жапаров Баш мыйзамдын долбооруна эки негизги сунуш киргизгенин айтты


Садыр Жапаровдун «7-каналдагы» маегинин тасмасынан алынган сүрөт. 2020-жылдын 23-ноябры.
Садыр Жапаровдун «7-каналдагы» маегинин тасмасынан алынган сүрөт. 2020-жылдын 23-ноябры.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча 23-ноябрда «7-канал» сыналгы каналы менен маектешип, долбоорду сындап жаткандарга жооп берди. Жапаров учурда Конституциялык кеңешме талкуулап жаткан Баш мыйзамдын долбоору 2010-жылдан бери талкууланып келатканын айтты.

«2010-жылы Текебаевдин Конституциясына альтернатива катары киргизилген долбоор болчу. Бул долбоорду мен жазган жокмун. Мен эки гана сунуш киргиздим. Бул долбоорду 2010-жылдан бери курултайчылар чогулуп талкуулап келе жатышкан. Мунун башында Бекбосун Бөрүбашев, Кадыр Кошалиев, Азимбек Бекназаров, Байас Турал баштаган 20дан ашык автор турат. Жалгыз эле киши эмес, академик, юридика илимдеринин доктору, талапкер жана башка уюмдар дагы бар», - деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы өзүнүн сунуштарын түшүндүрүп берди.

«Жаңы кирип жаткан долбоордо башкарууда бир эле башчы болсун жана парламент калсын деп жатабыз. Бүгүн кандай? Парламенттик башкаруу деп жатабыз. Утуп келген партиялардын үчөө биригип алып мамлекетти үчкө бөлүп, бардык кызматка «итибай-чотубайын» деле коюп атат. Азыркы аксап турганыбыз ушундан болуп атат. Биз ушундай кылбай, мындан ары элдик Конституция болсун, мамлекеттин кызыкчылыгына иштесин деген Конституцияны түзүп жатабыз. Менин сунушум: өкмөт менен президентти бириктирип, бир эле аппарат болсун деп жатабыз. Анан курултай кирсин деп жатабыз», - деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров 2010-жылы 27-июнда кабыл алынган Баш мыйзамды «бир адамдын кызыкчылыгында гана жазылган» деп кескин сындады.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын, айрымдары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн айтып чыгышты.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, ошол эле күнү кеңешме Жогорку Кеңештин сайтына 17-ноябрда жарыяланган Конституциянын долбоорун талкуулоого киришти. Анда референдумду 2021-жылы 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү сунушталууда.

Долбоорду колдогондор, эгер ал кабыл алынса, анда Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат.

Коомдук-саясий чөйрөдө бул долбоорду сындагандар «Кыргызстан супер президенттик башкаруу түрүнө кайтып, ал түгүл президент хан сыяктуу кеңири бийликке ээ болгон жатат» деген пикирлерин айтууда. 22-ноябрда жарандык активисттер Бишкек шаарында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы нааразылык жүрүшкө чыгышты. (TSh)

XS
SM
MD
LG