Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:35

Францияда экс-президент Николя Саркозинин соту башталды


Николя Саркози Францияны 2007-2012-жылдары башкарган.
Николя Саркози Францияны 2007-2012-жылдары башкарган.

Францияда коррупция жана кылмыштуу топ тууралуу айып коюлган мурдагы президент Николя Саркозинин соту башталды. Ал өлкөнү 2007-2012-жылдары башкарган. 68 жаштагы саясатчы күнөөсүн мойнуна алган эмес жана айыптардын баарын четке каккан.

Өткөн айда «Le Figaro» басылмасы башкы мамлекеттик финансы прокуроруна шилтеме кылып Саркозиге кылмыштуу топко тиешеси бар деген айып коюлганын жазган. Ага ылайык, саясатчы ливиялык диктатор Муаммар Каддафиден президенттик шайлоо өнөктүгүнө акча алган деп шек саналууда. Буга чейин Саркозиге бул иштин алкагында «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган.

Француз экс-президенти 2007-жылы президенттикке ат салышып жаткан учурда 50 миллион евро алган деп шек саналып жатат. Ал шайлоонун экинчи айлампасында социалисттердин талапкери Мари-Саголен Руаялды утуп чыккан.

Бул иштин алкагында Николя Саркозиге негизги айыптар 2018-жылы коюлган. Саясатчы бул айыптарды толугу менен четке кагып, тергөөнүн позициясы Каддафинин сөзүнө гана негизделгенин айтып келет.

16-октябрда Саркози «Твиттердеги» баракчасына өзүнө коюлган айыптар негизсиз экенин жазып, «акыйкат эртеби-кечпи орнойт» деп билдирди.

Ливиянын мурдагы башчысы Муаммар Каддафи өлкөсүн 42 жыл башкарган. Ал 2011-жылы өлкөдөгү тополоңдо бийликтен кулатылып, козголоңчулар аны өлтүрүп салышкан.

XS
SM
MD
LG