Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:19

Кошмо Штаттар "Ачык асман" келишиминен чыкты


АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн байкоо жүргүзүүчү «Boeing OC-135B» учагы.
АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн байкоо жүргүзүүчү «Boeing OC-135B» учагы.

Кошмо Штаттар 18 жылдан бери күчүндө болуп келген "Ачык асман" эл аралык келишиминен расмий чыкты. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаменти 22-ноябрда билдирди. Анын маалыматы боюнча, келишимге кол койгон калган 34 мамлекетке быйыл май айында жиберилген алты айлык эскертүү жекшемби күнү аяктады.

"Алты ай өттү. АКШнын бул келишимден чыгуу чечими 2020-жылдын 22-ноябрында күчүнө кирди. Кошмо Штаттар "Ачык асман" келишимине мындан ары мүчө эмес", - деп айтылат Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө.

Президенттик администрациянын Улуттук коопсуздук боюнча кеңеши да бул маалыматты ырастап, "Орусия келишимди одоно бузганын" белгиледи.

Орусиянын Коргоо министрлиги АКШнын соңку чечимин айыптап, мындай аракет Европанын коопсуздугуна да, Кошмо Штаттардын коопсуздугуна пайда алып келбей турганын эскертти.

АКШ бул келишимден чыга турганын 21-майда жарыялап, ага Орусиянын кадамдары себеп болгонун жүйө келтирген. Бул документ мүчө мамлекеттерге бири-биринин аймагына көзөмөл жүргүзүүчү учактарды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул аракет менен келишимге мүчө мамлекеттер бири-биринин аскердик күч-кубатына байкоо салууга мүмкүнчүлүк алышат.

XS
SM
MD
LG