Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Бишкекте Конституциянын жаңы долбоорун талкуулаган жыйын өтүүдө


Конститутциянын жаңы долбоорун талкуулаган жыйын. 20-ноябрь, 2020-жыл.
Конститутциянын жаңы долбоорун талкуулаган жыйын. 20-ноябрь, 2020-жыл.

Бишкекте 20-ноябрда Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген жарандык коом өкүлдөрүнүн чукул жыйыны өтүп жатат.

Ага экс-президент Роза Отунбаева, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Бир Бол» фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов, парламенттин экс-төрагасы Абдыганы Эркебаев, мурдагы премьер-министр Феликс Кулов, депутат Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Садык Шер-Нияз, Равшан Жээнбеков, саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат.

Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болгондордун сын-пикирине 19-ноябрда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жооп берип, муну бут тосуу катары баалаган. Жапаров анда «2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган, он жылдагы тажрыйба жаңы Баш мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгын көрсөттү» деп белгилеген. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG