Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:14

Депутат Жанарбек Акаев ИИМге суракка чакырылды


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына суракка чакырылды. Социалдык тармактарда чыккан маалыматты эл өкүлү «Азаттыкка» да ырастап, чакырууга кагазын 18-ноябрда алганын, 19-ноябрда барышы керек экенин тактады.

Депутат өзү кайсы иш боюнча чакырылганынан кабары жок экенин кошумчалап, 5-6-октябрдагы окуяларга байланыштуу болушу мүмкүн деп болжоп жатканын айтты.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки 5-октябрдагы Бишкектеги нааразылык акциялары ири башаламандыкка айланган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана Жогорку Кеңештин имаратын талкалап салышкан.

Шайлоодо «Ата Мекен» партиясын баштап чыккан Жанарбек Акаев да бул күнкү митингдерге катышып, күч кызматкерлери менен болгон кагылышууларда жаракат алган.

Бул окуялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Мамлекет башында турган Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда президенттик кызматтан кетерин жарыялап, 16-октябрда ишин толук өткөрүп берген.

Башаламандык учурунда түрмөдөн чыгып, сотто шашылыш акталган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалып, кийин президенттин милдетин аткара баштаган. Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн президенттик милдетти 14-ноябрда өткөрүп берген, премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон. Президенттин милдетин учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аткарууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG