Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:43

Чоң-Алай районуна мурдагы салык кызматкери Өскөнбай Мамажакыпов аким болду


Чоң-Алай районунун акими Өскөнбай Мамажакыпов.
Чоң-Алай районунун акими Өскөнбай Мамажакыпов.

Ош облусунун Чоң-Алай районуна Өскөнбай Мамажакыпов аким болуп дайындалып, 18-ноябрь күнү жамаат менен тааныштырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова билдирди.

Анын айтымында, жаңы дайындалган аким Өскөнбай Мамажакыпов буга чейин Чоң-Алай районунда салык кызматын жетектеп келген.

«Бул боюнча буйрук өкүлдүн аппаратына келди. Бүгүн эртең менен өкүлдүн орун басары Ахмаджан Махаммадов жамаат менен тааныштырууга кетти», - деди Кадырбек Кызы.

Ош облусунда Араван районунан башка бардык райондордун акимдери алмашты. Алардын ичинен эң чоң район болуп эсептелген Кара-Сууда акимдин орду бош турат. Анын милдетин орун басар Капарбек Абдиев аткарып жатат. (DU)

XS
SM
MD
LG