Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:22

АКШнын мамлекеттик катчысы Грузияга келет


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 17-ноябрда Грузияга келип, бул өлкө менен коргоо жана коопсуздук жаатындагы кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Помпео Тбилисиге Түркиядан учуп келет. Ал Стамбулда ортодокс чиркөөсүнүн жетекчиси менен жолугушса да Түркиянын расмий жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр өткөн жок.

Помпео Грузиянын президенти Саломе Зурабашвили, премьер-министр Георгий Гахария баштаган өкмөт мүчөлөрү жана Грузин православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Илия II менен жолугушуу өткөрөт.

Жолугушуунун башкы темасы катары АКШ менен Грузиянын стратегиялык кызматташтык хартиясынын келечеги талкууланат. Грузиянын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттар менен коопсуздук жаатында гана эмес, соода, билим берүү жана маданият тармагындагы кызматташтык боюнча сүйлөшүү өтөрүн билдирди.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Европа менен Жакынкы Чыгыштагы жети өлкөнү кыдырыш үчүн сапарга чыккан. Ал сапарында Помпео оболу Франциянын, андан соң Грузиянын, Израилдин, Катардын, Сауд Арабиясынын жана Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилери менен жолугушу керек.

Бул иш сапар АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп жана аны колдогон республикачылар тобу 3-ноябрдагы президенттик шайлоодо Трамптын демократ атаандашы Жо Байденге жеңилгенин мойнуна албай жаткан маалга туш келүүдө.

XS
SM
MD
LG