Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Баткенде өрттүн айынан бир адамдын өмүрү кыйылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде өрттөн бир адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-ноябрда кабарлагандай, Кадамжай районунун Шакшак айылындагы турак үйдө өрт чыгып, жыгач устундуу шифер жабылган чатыры жана үй буюмдары толук күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 46 жаштагы адам күйүк алып каза болду. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Кырсыкка эмне себеп болгону териштирилип жатат.

Соңку бир күндө Кыргызстандын аймагында 11 өрт катталды. Өткөн аптада Бишкекте өрт чыккан жерде бир адамын сөөгү табылган. (RK)

XS
SM
MD
LG