Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:03

Армениянын тышкы иштер министри кызматтан кетти


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (оңдо) менен тышкы иштер министринин кызматынан кеткен Зограб Мнацаканян, Ереван шаары. 7-март, 2019-жыл.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (оңдо) менен тышкы иштер министринин кызматынан кеткен Зограб Мнацаканян, Ереван шаары. 7-март, 2019-жыл.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян тышкы иштер министр Зограб Мнацаканяндын кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды. Бул тууралуу Пашинян парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Андан бир аз мурда Армениянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Анна Нагдалян өлкөнүн башкы дипломатынын кызматтан кетүү тууралуу арызынын сүрөтүн "Фейсбукка" жарыялаган.

Мнацаканян Армениядагы «Баркыт ыңкылабынан» кийин, 2018-жылдын 12-майында тышкы иштер министри болуп дайындалган. Ал Арменияда Тоолуу Карабакка байланыштуу келишим талкуу жаратып, бийликке каршы сын-пикирлерди күчөтүп койгон учурда иштен кетти.

Тоолуу Карабакта 27-сентябрда башталган соңку кармашты токтотууну көздөгөн тынчтык келишими 10-ноябрдан тартып күчүнө кирген. Москванын арачылыгы менен Армениянын, Азербайжандын жана Орусиянын жетекчилери кол койгон келишимге ылайык, Азербайжан уруш маалында өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабактагы жана анын айланасындагы райондор Бакунун карамагына өтөт. Аймактагы коопсуздукту сактоого кеминде 1900дөн ашуун орусиялык бейпилдик күчтөрү көмөктөшөт.

Соңку макулдашудан кийин армян оппозициясы нааразылык акциясына чыгып, премьер-министр Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылууда. 16-ноябрда Еревандагы мындай акцияга Армениядагы 16 саясий топтун өкүлдөрү чогулушту.

XS
SM
MD
LG