Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:31

Тажикстан соттолгондордун жакындары менен жолугушуусуна уруксат берди


Тажик баш калаасы Дүйшөмбүнүн чекесиндеги түрмө. 23-апрель, 2020-жыл.
Тажик баш калаасы Дүйшөмбүнүн чекесиндеги түрмө. 23-апрель, 2020-жыл.

Тажикстанда камактагы адамдардын жакындары менен жолугушуусуна киргизилген жети ай мурдагы чектөө алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, камактагылардын туугандары абактарга азык-түлүк жана өтө зарыл нерселерди алып келсе болот. Жолугушуулар бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өтүшү керек. Абакка кире турган жарандардан коронавирус жок экенин ырастаган, акыркы 24 сааттын ичинде тапшырылган тесттин жыйынтыгы талап кылынат.

Тажикстандын бийлиги 31-мартта COVID-19дун абактарга жайылышынын алдын алыш үчүн камактагылардын туугандары менен жолугуусуна убактылуу тыюу салган.

Июнда айрым басылмалар пандемия башталгандан бери Тажикстандын түрмөлөрүндө камактагы 11 адам жана үч кызматкер коронавирустан каза болгонун жазышкан. Бирок Юстиция министрлиги бул маалыматты четке кагып, алар пневмониядан улам көз жумганын билдирген.

Тажикстандагы «Саясий туткундарды коргоо боюнча жарандык комитет» бийликти эпидемия маалында түрмөлөрдөгү жазасын өтөп жаткандардын саламаттыгын текшерүүгө чакырган.

Апрелдин аягында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Тажикстанга келген адистери да өлкө бийлигин түзөтүү мекемелериндеги санитардык-эпидемиологиялык абалга көңүл бурууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG