Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Армян премьери «Фейсбуктагы» билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Ереван. 12-ноябрь, 2020-жыл.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Ереван. 12-ноябрь, 2020-жыл.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян оппозициянын сынына кабылган «Фейсбуктагы» билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди. Ал 16-ноябрдагы басма сөз жыйынында бир күн мурда социалдык тармакка жазгандары кимдир-бирөөнү коркутууну көздөбөгөнүн айтты.

Пашинян жекшемби күнү согуш майданындагы аскерлердин видеосун көрүп чыкканын, алардын саясий маселелер боюнча ой-толгоолоруна курсант болуп турганын «Фейсбукка» жазган.

«Жигиттер, туура айтасыңар. Мен силерди Ереванда күтөм. Дубалдын алдындагы арызчылдардын маселесин чечиш үчүн. Силер менен сыймыктанам», деп белгилеген Тоолуу Карабак келишимине байланыштуу сын-пикирлерге туш болуп жаткан Пашинян.

Армян оппозициясы Пашиняндын мындай билдирүүcүн жарандык тирешүүнү козгоо аракети катары мүнөздөгөн. Армениянын Акыйкатчысы Арман Татоян премьердин кайрылуусун «ашкере коркунучтуу» деп атаган.

Пашинян ал жөн гана кармашка катышкан аскерлер менен жолугушуп, алардын «чыккынчылык» тууралуу айыптарына гана жооп берүүнү көздөгөнүн дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйынында айтты.

Тоолуу Карабакта 27-сентябрда башталган соңку кармашты токтотууну көздөгөн тынчтык келишими 10-ноябрдан тартып күчүнө кирген. Москванын арачылыгы менен Армениянын, Азербайжандын жана Орусиянын жетекчилери кол койгон келишимге ылайык, Азербайжан уруш маалында өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабактагы жана анын айланасындагы жерлерди башкарып калат. Аймактагы коопсуздукту сактоого кеминде 1900дөн ашуун орусиялык бейпилдик күчтөрү көмөктөшөт. Соңку макулдашуу Арменияда бийликке каршы нааразылык толкунун жаратып койду.

Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабакты Азербайжандын жери катары тааныйт. Бирок аймактагы армяндар Бакунун башкаруусун четке кагып келишет.

XS
SM
MD
LG