Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Жогорку соттун алдында Атамбаевдин тарапкерлеринин митинги өтүүдө


Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин акциясы. Бишкек. 2020-жылдын 16-ноябры. Сүрөт «Апрель ТВ» телеканалына таандык.
Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин акциясы. Бишкек. 2020-жылдын 16-ноябры. Сүрөт «Апрель ТВ» телеканалына таандык.

Жогорку соттун алдында ушу тапта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин митинги өтүп жатат. Алар Атамбаевге карата соттук териштирүүлөрдү ачык жана калыс өткөрүүнү талап кылып жатышат. Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев:

"Мыйзамга ылайык, даттануу түшкөндөн кийин эки ай ичинде каралышы керек. Бул мөөнөт 30-ноябрга чейин өтүп кетет. Мындай маанилүү соттук отурумду башка судьяны дайындап карап коюшса деле болмок".

Чогулгандардын арасынан Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеваны, КСДП фракциясынын айрым депутаттарын көрүүгө болот.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Жогорку сотто бүгүнкүгө, 16-ноябрга белгиленген соттук отурум болбой калды. Буга ишти карай турган судья ооруп калганы себеп болгонун мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Атамбаевдин тарапкерлеринин айтымында, кийинки сот отуруму 30-ноябрга белгиленди.

Бүгүнкү отурумда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин райондук жана шаардык соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберүү тууралуу арызы каралмак. Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Жактоочулар жана мамлекетке чегерилиши каралган мүлктүн ээлери соттун бул чечимине нааразы болуп шаардык сотко кайрылышкан.

Атамбаев мындан тышкары бир офицердин өлүмү менен коштолгон Кой-Таш окуясы жана быйыл 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башаламандык үчүн да айыпталууда. Азыр ал №47 абакта отурат. Соттук териштирүүлөр жабык өтүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG