Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Дарыгерди айыптаган бейтаптын арызы сотто каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда дарыгерди шалаакылык кылды деп айыптаган бейтаптын арызы каралууда. Өзүн Мейизгүл Осмоналиева деп тааныштырган 48 жаштагы аял 2018-жылы Улуттук онкология борборунда операция болгондо ичинде медициналык тампон калып калгандыктан 1,5 жыл кыйналганын, азыр дарыгер күнөөсүн мойнуна албай, анын адвокаты соттук териштирүүнү токтотууга аракет кылып жатканын «Азаттыкка» айтып берди:

«Экспертиза менин пайдама чечип, дарыгер жана анын медайымы күнөөлүү деген бүтүм чыгарган. Сот жүрө баштаганына үч айдан ашып калды. Дарыгер Роза Болжуровнанын адвокаты «мында тампон болушу мүмкүн эмес, эгер тампон болсо 1,5 жыл чыдамак эмес» деп жатат. Алар тампон болгону үчүн мынча кыйналганымды түшүнүп эле турушат, бирок ишти жабыш үчүн ушундай кылып жатабы, түшүнгөн жокмун... Мындай дарыгердин иштешин каалабайт элем, мендей болуп, дарыгердин катасынан башкалар да оорукчан болушун каалабайм».

Осмоналиева окуяга юридикалык баа берип, айыптууларды жоопко тартууну суранууда.

Анын айтымында, дарыланган оорукананын УДИси (УЗИ) жалпысынан алты жолу текшерип, операция болгон жер таза деген бүтүм чыгарып берген. Бирок бейтап 1,5 жыл дене табы нормага келбей кыйналгандыктан жеке клиникага кайрылса операция жасалган жерде марля тампону калып калганы белгилүү болгон. Ошол клиникадан дароо кайрадан операция жасалып, тампон чыгарылган жана ал жанындагы ичегини өйкөп салганы аныкталган.

«Азаттык» окуянын чоо-жайын билиш үчүн операция жасаган дарыгер Роза Молдалиеванын өзүнө кайрылды. Ал тампон калган эмес деген ойдо экенин билдирди:

«Анын айткандары негизсиз деп ойлоп жатам. Дагы көрөбүз. Операция жасаган хирургду, паталогоанатомду чакыртып жатабыз. Туура келбегендей болуп жатат». (RK)

XS
SM
MD
LG