Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Батукаевдин иши Жогорку сотко жетти


Батукаевдин иши боюнча сот жараяны. 2020-жыл.
Батукаевдин иши боюнча сот жараяны. 2020-жыл.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук иш Жогорку сотко жетти.

Алгачкы отурум 16-ноябрга белгиленип, бирок ишти карай турган судья ооруп калганына байланыштуу жараян болгон жок.

Башкы айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдиргендей, сотто Атамбаев тараптын доо арызы каралууга тийиш. Алар Жогорку соттон райондук жана шаардык соттун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберүүнү суранган.

Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери 16-ноябрда сот жараяны болбой калгандан кийин Жогорку соттун алдына митингге чыгышты. Чогулгандар Атамбаевге карата соттук териштирүүлөрдү ачык жана калыс өткөрүүнү талап кылып жатышат.

Алардын арасынан Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеваны, КСДП фракциясынын айрым депутаттарын көрүүгө болот.

Атамбаевдин тарапкерлеринин айтымында, кийинки сот отуруму 30-ноябрга белгиленди.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кескен.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага беш миллион сом айыппул салынган. Ал мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылган.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылган, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерилген эмес.

ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, эки жылга эркинен ажыратылган. Бирок буга чейин камакта отурганын эсепке алганда, жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулган.

Бишкек шаардык соту 17-августта ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Башкы прокуратура чечимге каршы Жогорку сотко даттанган. Жогорку сот алгачкы олтурумду 21-октябрга белгилеп, ал күнү болбой калган. Натыйжада соттук кароо 16-ноябрга жылган эле.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып 16 жыл сегиз айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыккан, саналуу өмүрү калган» деген негизде мөөнөтүнөн мурда Нарын шаарындагы түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, чартердик каттам менен Орусияга учуп кеткен. Кримтөбөл азыр Орусияда экени айтылып жүрөт.

Бул боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы 2019-жылдын январында кайра иликтей баштап, сентябрь айында мыйзамга шайкештигин текшериш үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн. Сотко иш ошол жылдын октябрында өткөн.

Батукаевди чыгаргандар жазаланабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:13 0:00

ИИМ бул иш Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде тергелгенин, шектүү 19 адамдын 14ү тергөө менен кызматташууга макул болгонун, иш 451 томдон турарын кабарлаган. Свердлов райондук соту тергөө менен кызматташкандардын алтооно 260 миң сомдон, төртөөнө 300 миң сомдон айып салды. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова баштаган дагы төрт кишинин иши сотто каралып жатат.

Иш боюнча айыпталгандардын арасында мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын ишин Бишкектин Свердлов райондук соту териштирүүдө.

11-ноябрда болгон акыркы жараянда башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманованы мажбурлап алып келүү тууралуу соттун чечими аткарылган жок. Аида Салянованын тууганы Чынара Турдалиева «Азаттыкка» билдиргендей, Усманова сотто Салянованын туугандары басым көрсөтүп жатат деген негизде жана коронавирус пандемиясына байланыштуу саламаттыгынан чоочулап жараянга өзү келген эмес, ордуна адвокатын жиберген.

Мындан тышкары кийинки жараяндарда онлайн катышуу тууралуу өтүнүч келтирип, сот Усманова менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди да келерки териштирүүгө аралыктан катыштыруу тууралуу чечим чыгарды. Салянованын жакындары бул чечимге нааразылык билдирип жатышат.

«Судья бири-бирине карама-каршы келген чечим чыгарып койду. Биз эч кимге кол салып же агрессивдүү кадамдарга барган да, коркуткан да эмеспиз. Усманова жалган негиздерди келтирип, басым болуп жатканы тууралуу өтүнүч берди»,- деди Чынара Турдалиева.

Салянованын бөгөт чарасын кароо жылып кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00

2019-жылдын июнь айында ИИМдин тергөө кызматында суракта болуп, коё берилген Усманованын өзү соттун чечими боюнча комментарий бере элек. Кийинки отурум 25-ноябрга белгиленген.

Тергөө менен кызматташууга макул болгон 14 кишинин ичинде Салянова да бар болчу. Кийин ал тергөө менен келишимин токтотконун, бирок ага чейин жана андан кийин да иш боюнча берген көрсөтмөсүн өзгөртпөй турганын билдирген.


Негизги айыпталуучу деп саналган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августундагы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча да айыпталып, кармалган. Бул иш боюнча сот уланып жатат. Атамбаев учурда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына караштуу №47 абакта отурат.

XS
SM
MD
LG