Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Трамп «Твиттерге» Байден жеңгенин, шайлоонун «бурмаланганын» жазды


Президент Дональд Трамптын жактоочулары Вашингтондо митинг өткөрүштү. 14-ноябрь, 2020-жыл.
Президент Дональд Трамптын жактоочулары Вашингтондо митинг өткөрүштү. 14-ноябрь, 2020-жыл.

Жекшембиде президент Дональд Трамп Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден 3-ноябрда өткөн шайлоодо жеңгенин моюнга алгандай болду. Бирок Трамп шайлоонун жыйынтыгы "бурмаланды" деп дагы кайталады.

Ал “Твиттердеги” баракчасына “Шайлоо бурмаланганы үчүн ал жеңди” деп жазды.

АКШдагы маалымат каражаттары Жо Байден жеңишке жеткенин сегиз күн мурун шайлоонун алдын ала жыйынтыгына таянып жарыялашкан.

Демократиялык партиянын талапкери шайлоочулар коллегиясынын 290 добушуна ээ болгону кабарланган.

Трамп андан бери бир нече күн коомчулукка чыкпай, социалдык медиа аркылуу гана дооматтарын айткан, ага далил келтирген эмес.

Ошондой эле жаңы президенттик администрацияга бийликти өткөрүп берүү иштерин создуктуруп жатканы белгилүү болду. Бир катар демократтар менен республикачылар бул улуттук коопсуздукка кедергисин тийгизерин эскертишти.

Трамптын шайлоо штабы жана республикачылар арсар болгон бир катар штаттарда анын жыйынтыгын сотто талашууга аракеттенишкени менен көпчүлүк жерде алардын арыздары кабыл алынган жок.

Шайланган президент Жо Байден менен вице-президент Камала Харрис өткөөл мезгилдеги өз ишмердигин баштады.

XS
SM
MD
LG