Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Коронавирустан дагы үч киши каза болду, 551 адамдан аныкталды


Күндүзгү стационарлардын биринде дарыгер бейтапты кабыл алып жатат. 2020-жылдын 16-июлу.
Күндүзгү стационарлардын биринде дарыгер бейтапты кабыл алып жатат. 2020-жылдын 16-июлу.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 15-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен үч адам каза болду. Алардын экөө Бишкек шаарынан, бирөө Ош облусунда. Жалпысынан март айынан бери көз жумгандардын саны 1 199 кишиге жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 551 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 147 киши жана Чүй облусунда 104, Жалал-Абад облусунда 77, Ысык-Көлдө 62, Баткен облусунда 54 бейтап.

Оору жуккандардын жалпы саны 66 504 адамга жетти.

Бир күндө 474 адам сакайып чыгып, оорудан айыккандардын саны 57 321 болду. Ушул күндөрү ооруканада 3 318 адам жатат. Алардын ичинен 55 (1,6%) бейтаптын абалы канаттандырарлык, 2 148 кишиники (64,7%) орто оор, 987 (29,7%) оор абалда, 128 (3,8%) адамдын абалы өтө оор деп бааланууда. Дагы 3 972 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Августта өлүм учурлары катталбай калган. Сентябрдан тарта каза болгондор кайра катталып жатат. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды. (BTo)

XS
SM
MD
LG