Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:10

Ошто коркутууга кабылган ырчы милиция менен УКМКга арыз жазды


Жаныбек Аттокуров.
Жаныбек Аттокуров.

Ырчы, пародист Жаныбек Аттокуров бийликке кайрылып, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин үй-бүлөсүнө таандык «Араван» цемент заводун сындап ырдаганы үчүн коркутууга кабылганын билдирди.

Аттокуров цемент заводунун жетекчиси Данияр Атабаев жана анын тарапташтары коркутуп жатканы үчүн 12-ноябрь күнү Араван райондук милициясына, УКМКга арыз жазганын «Азаттык» радиосуна билдирди.

Ош облустук милициясынан бул окуя боюнча арыз келип түшкөнүн тастыкташып, териштирүү иштери башталганын кабарлашты.

«Азыр "атып кетем, үйүңү өрттөп кетем" деп жатышат. "Азамат (Арапбаев) өрттөбөсө да бизден күтсөң болот, бүгүн түнү менен жок болосуң, туугандарыңды эртеңки тажияңа даярдата бер" деген сөздөр менен коркутуп жатышат», — деди Аттокуров.

Ал эми Аттокуровду коркутуп, сөккөнү айтылган Данияр Атабаев менен байланышканыбызда Интернетке тараган аудио ага таандык эместигин айтты.

Аттокуров «Араван» цемент заводу табиятка зыян алып келип, жолду бузуп жатканы жөнүндө ырдаган.

Азамат Арапбаев болсо Жогорку Кеңешке бир нече жолу шайланган депутат. Алгач качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин «Ак Жол» партиясынан мандат алса, 2010-жылдан кийин «Ата Журт» партиясына кошулуп, 2015-жылы парламентке КСДП менен депутат болуп келген. Быйыл жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо «Биримдик» партиясы менен шайлоого аттанган болчу. (DU)

XS
SM
MD
LG