Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

Эки райондо, эки агенттикте жана бир департаментте жетекчи алмашты


Кызмат отургучу. Иллюстрациялык сүрөт.
Кызмат отургучу. Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров койгон буйруктарга ылайык, бир катар кадрдык алмашуулар болду. Бул тууралуу өкмөттүн сайты 13-ноябрда жазды.

Анда айтылгандай, Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Замирбек Молдокулов ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Алтынбек Болбур уулу дайындалды. Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Курманбек Кудайбергенов иштен алынып, ордуна Алтынбек Сеңирбаев коюлду.

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин директорлугуна Талантбек Эгембердиев, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директорлугуна Тимурлан Кысанов, кмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорлугуна Динара Кутманова келди. Бул мекемелердин мурдагы жетекчилери башка буйруктарга ылайык иштен алынды.

Мурдараак журналист Кудрет Тайчабаров «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчылыгына дайындалганы кабарланган.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашкан. Премьер-министр Садыр Жапаров мамлекеттик кызматтардагы азыркы дайындоолор өлкөдөгү саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатканын жана 2-3 айдан кийин ал орундардын баарына сынак аркылуу тандоо уюштуруларын 29-октябрда өкмөттүк жыйында билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG