Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:39

«Бишкек» эркин экономикалык аймагына жана Айлана-чөйрө агенттигине жаңы жетекчилер дайындалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Журналист Кудрет Тайчабаров «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ал өзү 13-ноябрда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазып, билими бул тармакка туура келерин, жогорку окуу жайынын экономика факультетин артыкчылык менен аяктаганын билдирди.

«Бишкек» аймагынын субъектилеринин көбү токтоп турганын, ишти кайрадан баштап жаткандай жагдай экенин айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Тайчабаровду дайындоо тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Журналист Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун быйыл 22-сентябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасынын түз эфиринде билдирген. Ал өлкөдөгү мыйзам бузуу, криминалдык чөйрөнүн жарандардын укугун бузган аракеттери тууралуу жазган маалыматтарынан улам опузага кабылганын белгилеген.

Өкмөттүн дагы бир буйругу менен эколог Динара Кутманова Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигине жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгону 13-ноябрда расмий белгилүү болду.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашкан. Премьер-министр Жапаров мамлекеттик кызматтардагы азыркы дайындоолор өлкөдөгү саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатканын жана 2-3 айдан кийин ал орундардын баарына сынак аркылуу тандоо уюштуруларын 29-октябрда өкмөттүк жыйында билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG