Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:15

Жапаров Путин менен телефондон сүйлөштү


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Орусия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров Путинге Кыргызстанга көрсөткөн бардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Басма сөз кызматы тараткан маалыматта “сүйлөшүүнүн аягында Садыр Жапаров Кыргызстандын Орусия менен болгон мамилелерди мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктүн өңүтүндө өнүктүрүү ниети бар экенине ишендирди”, - деп жазылат.

Кремлдин сайты Жапаров менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү жөнүндө жазып, анда Орусия Кыргызстандагы саясий абалдын эртерээк жөнгө салынышына үмүт кылары кеп болгонун жазды.

10-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кезектеги саммитинде сүйлөп жатып орус президенти Владимир Путинден телефон аркылуу сүйлөшүүнү суранып, Кыргызстан Орусиянын ишенимдүү өнөктөшү экенин билдирген.

Кыргызстан жана Орусия - Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) тең укуктуу мүчөлөрү. Бул уюм 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кийинки жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени боюнча пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG