Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:16

Ереванда Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган оппозициянын акциясы уланды


Ереван, 12-ноябрь, 2020-жыл.
Ереван, 12-ноябрь, 2020-жыл.

Армениянын борбору Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган оппозициянын акциялары уланууда. 12-ноябрда шаардын борбордук көчөлөрүнө миңдеген адамдар чыгып, өкмөт башчысынын кызматтан кетишин талап кылышты. Алар «Чыккынчы, кет» деп кыйкырып жатышты.

«Сасна Црер» партиясынын тарапкерлери да борбордук Эркиндик аянтында митинг өткөрүп, бирок полициянын эскертүүсүнөн соң мурда пландалган жүрүшүн уюштурган жок.

Буга чейин армян бийлиги өлкөдө аскердик абал дагы эле күчүндө экенин айтып, нааразылык акцияларын өткөрүүгө уруксат бербегенин эскерткен.

Бүгүн Армениянын Тергөө кызматы оппозициянын бир катар лидерлерин «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси боюнча айыптап кармап кеткен. Алардын арасында оппозициячыл «Гүлдөгөн Армения» партиясынын лидери Гагик Царукян, «Мекен» партиясынын лидери Артур Ванецян, Армян революциялык федерациясынан Ишхан Сагательян жана Гегам Манукян, мурдагы бийликтеги Республикалык партиянын мүчөсү Эдурад Шарамазанов бар. Оппозиция бул саясатчылар мыйзамсыз камалганын билдирүүдө.

10-ноябрда Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы менен үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тоолуу Карабакта ок атуу токтотулуп, Азербайжан соңку уруш маалында өз көзөмөлүнө алган бул аймактагы бир нече калктуу конуштар менен чөлкөмдөрдү сактап калат. Ошондой эле аймакка орус аскерлери тынчтык сактоо күчтөрү катары жайгаштырылууда.

Бул келишимге кол коюлары менен аны Армениядагы коомчулуктун бир бөлүгү, анын ичинде оппозиция сынга алып, премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

Никол Пашинян 12-ноябрдагы элге кайрылуусунда кол койгон келишим «биз үчүн жаман» болсо да, «болгонун эң жаман» катары көрсөтүлбөшү керек экенин билдирди.

Азербайжан менен Армениянын талашына түшкөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп, алты жумага жакын куралдуу кагылышуу болду. Анын кесепетинен миңдеген адамдар набыт болду.

XS
SM
MD
LG