Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Садыр Жапаров: Матраимов «Мыйзамсыз байыган акчамды кайтарып берейин» деди (видео)


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «мыйзамсыз байыган мүлктү жана акчаны кайтарып берейин» деп өзү суранган. Бул тууралуу 12-ноябрдагы басма сөз жыйынында президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров аны камакка албоонун себептери тууралуу суроого жооп берип жатып айтты.

Жапаров Матраимовду камабоону УКМК жетекчисинен өзү суранганын билдирди:

«УКМК аны алып келип жапкандан кийин эле мага кабар беришти. 6-7 саат бою сүйлөшүү жүрүптүр. Муну камап койгондо биз мамлекетке бир тыйын акча алып келе албайт элек. Мен саясий чечим кабыл алып, сурандым. УКМКнын төрагасынан «муну камап койгондон эмне пайда» деп сурандым. 6-7 саат ошондой кеңешме өттү, бизде».

Жапаров кошумчалагандай, Матраимов мыйзамсыз байыган мүлкүн мамлекетке кайтарып берүүгө убада берген.

«Бул өзү да «мени камап койгондон эч нерсе келбейт. Андан көрө мен мамлекеттен алганымды, мыйзамсыз байыган мүлкүмдүн баарын, акчанын баарын кайра Кыргызстанга алып келип берейин» деп ачыгын айтып, суранды», - деди Жапаров.

Атайын кызмат Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий берген эмес.

Жапаров 3-ноябрда Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген эки миллиард сомду күнүгө төгүп жатканын айтып, кармалган күнү эле 70 же 80 миллион төгүп бергенин кошумчалаган. (RK)

XS
SM
MD
LG