Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:14

Арменияда оппозиция Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылды


Еревандагы митингден бир көрүнүш.
Еревандагы митингден бир көрүнүш.

Арменияда миңдеген адамдар өлкөнүн премьер-министри Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышты. Шаардын борбордук Эркиндик аянтына топтолгон адамдар Пашиняндын Тоолуу Карабак боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшун айыптап, кыйкырып жатышты.

Акциянын жүрүшүндө полиция менен кагылышуу башталып, бир нече демонстрант кармалды.

Еревандагы митингде сүйлөп жатып, «Армян революциялык федерациясы» кыймылынын лидери Ишхан Сагательян «согуш Пашиняндын иретсиз саясатынан улам тутанганын» билдирди. Түнкү 12ге чейин парламент чукул жыйынга чогулуп, Пашинянды кызматтан кетирүү тууралуу маселени карашы керек экенин эскертти. Болбосо 12-ноябрда «маселени чечиш үчүн башкача кадамдар» кабыл алынары айтылды.

Президент Армен Саркисян чыңалууну басаңдатып, улуттук «биримдикти» сактап калуу максатында бир нече саясий партиялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүү баштаганын анын кеңсеси билдирген.

10-ноябрда күчүнө кирген үч тараптуу келишимге ылайык, Азербайжан соңку уруш маалында өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабактагы жана анын айланасындагы чөлкөмдөрдү сактап калмакчы.

Макулдашуу тууралуу Азербайжан Куралдуу күчтөрү алты жумадан бери уланып келаткан кармаштарда ийгиликке жетишкен учурда жарыяланды.

XS
SM
MD
LG