Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Мадумаров: Кыргызстандын абалы Орусия менен бирдиктүү саясаттан көз каранды (видео)


Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери.
Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстан Орусия менен кошо бир катар эл аралык уюмдарда мүчө болгондуктан, тышкы саясатын бул өлкө менен макулдашып жүргүзүшү керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 11-ноябрда Орусиянын НСН маалымат агенттигинин түз эфиринде суроолорго жооп берип жатып айтты.

Мадумаров Кыргызстан Орусия менен бирге Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ), Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ), Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештиги уюмунун (КМШ), Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) активдүү мүчөсү экенин айтып, Орусияда жүз миңдеген кыргыз жараны бар экенин, Кыргызстандын тышкы саясатынын таасири аларга да тиерин белгиледи:

«Ата-бабаларыбыздын Орусия менен дайыма бирге болуу, чогуу өнүгүү деп айтып кеткени бар. Бул факт. Экинчиден, Орусиянын аймагында 800 миңден ашуун кыргыз жараны убактылуу жашап, иштеп жүрөт. Алардын да Кыргызстандагы ички саясий жана социалдык-экономикалык абалга өтө чоң таасири бар. Албетте, коррекциялап, макулдашып, бирдиктүү саясат жүргүзүү зарыл. Кыргызстандагы абал да ошондон көз каранды».

Партия лидери Орусиядагы мигранттар кыргыз экономикасына жылына 2 миллиард доллардан ашуун каражат которуп жатышканын кошумчалады. Өлкөдөгү ички саясий абал тууралуу маалымат берип, укуктук нукка түшүү аракети жүрүп жатканын айтты.

Мадумаров 10-январда өтө турган мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышарын билдирген. Бүгүнкү күнгө карата бул саясий өнөктүккө катышуу үчүн Боршайкомго арыз жазгандардын саны 15 адамга жетти.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да шайлоого катышарын айткан, арызын БШКга тапшыра элек. Ал 10-ноябрда ШКУнун онлайн саммитинде ал орус президенти Владимир Путинге кайрылып, евразиялык интеграция маселелеринде Кыргызстан Орусия үчүн дайыма ишенимдүү өнөктөш болорун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG