Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:24

Ажимудиновдун тарапкерлери аны бошотууну өтүндү, «Акнеттин» өкүлдөрү митингге чыгышты


«Акнет» компаниясынын кеңсеси. Бишкек шаары.
«Акнет» компаниясынын кеңсеси. Бишкек шаары.

Бишкекте бүгүн, 11-ноябрда «Акнет» компаниясынын бир нече өкүлү ишкананын негиздөөчүсү Кубан Ажимудиновго каршы акцияга чыкты.

Акцияга катышкан жоон топ «Ажимудинов, 700 000 000 салыкты төлө», «Үй-бүлөлүк башкарууга жол жок!» жана башка жазууларды көтөрүп турду.

Катышуучулар Ажимудинов жетекчи болуп турган кезде кызматкерлерге социалдык төлөмдөр төлөнбөй калганын, айлык да ар кимге ар кандай берилип, бул багытта ачыктык болбогонуна нааразы экенин билдиришти. Азыр компаниянын эсеп-кысап иштери жолго коюлуп, кызматкерлер өз убагында айлык алып жатканын маалымдашты.

Мындан мурда Кубан Ажимудиновдун тарапкерлери Бишкектеги «24.kg» агенттигинде басма сөз жыйынын өткөрүп, ал мурдагы бийликтин тушунда негизсиз камалганын айтышкан. Аны абактан бошотуу тууралуу өтүнүч менен президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Басма сөз жыйынына «Акнет» компаниясынын өкүлдөрү да келип, анын өтүшүнө тоскоолдук жаратышкан. Басма сөз жыйынынын катышуучулары менен алар кайым айтыша кетишкен. Андан кийин кызматкерлер Жеңиш аянтынын маңдайында акция өткөрүштү.

«Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрү катары Кубан Ажимудинов, Аскар Кутанов жана Руслан Абдумажитов деген жарандар катталган. Буга чейин аткаруучу директор болуп келген Абдумажитов менен президент Ажимудиновдун ортосунда үлүш ээлиги жана кирешени бөлүү боюнча келишпестик бар экени ачыкка чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG