Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:34

Москвада коронавируска байланыштуу жаңы чаралар жарыяланды


Москвадагы оорукана.
Москвадагы оорукана.

Орусиянын борбору Москва шаарынын бийлиги коронавируска байланыштуу жаңы чараларды жарыялады. Ага ылайык, калаадагы ресторан, бар жана түнкү клубдар 23.00дөн таңкы 06.00гө чейин ишин токтотот. Маданий иш-чаралар токтотулуп, жогорку окуу жайлары аралыктан иштөөгө өтөт. Ошондой эле балдар лагерлери, оюн-зоок борборлору жабылат.

Жаңы чаралар жөнүндө Москванын мэри Сергей Собянин 10-ноябрда жарыялады. Анын айтымында, мындай чектөө 13-ноябрдан 15-январга чейин созулмакчы.

Мэр Собянин жаңы чаралар Москвада коронавирус жуккандар көбөйүп жатканы менен түшүндүрдү. Ал сезондук сасык тумоо жана респиратордук оорулар көбөйгөнүнө байланыштуу шаардагы эпидемиологиялык абал начарлашы мүмкүн деп божомолдоп жатканын кошумчалады.

Буга чейин Москванын вице-мэри Анастасия Ракова Москвадагы ооруканалардагы коронавирус жугузуп алгандар үчүн даярдалган орундардын 70% толуп калганын билдирген.

Соңку маалымат боюнча Москвада коронавирус жуккандар 480 миң кишиден ашып, анын ичинен 7421 адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG