Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Тоолуу Карабак боюнча келишимге кол коюлган соң оппозиция Пашиняндын отставкасын талап кылууда


Тоолуу Карабак боюнча келишимге кол коюлганы белгилүү болгон соң нааразы миңдеген кишилер Армениянын парламентинин имаратына кирип кетишти
Тоолуу Карабак боюнча келишимге кол коюлганы белгилүү болгон соң нааразы миңдеген кишилер Армениянын парламентинин имаратына кирип кетишти

Армения Тоолуу Карабактагы ок атууну токтотуу боюнча Азербайжан жана Орусия менен үч тараптуу келишимге кол коюлган соң саясий кризиске туш келди. Бул келишимге кол коюшун айыптап чыккан оппозициячыл күчтөр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылууда. 10-ноябрь эртең менен ачууланган оппозициянын тарапкерлери Еревандагы өкмөттүн, парламенттин имаратына күч менен кирип, терезелерди, эмеректерди талкалады.

Парламент спикери Арарат Мирзоян жаалданган адамдардан таяк жеп ооруканага түшкөнү кабарланды.

Президент Армен Саркисян 10-ноябрда билдирүү таратып, өлкөдөгү улуттук биримдик бекемдөө жана улуттук кызыкчылыктарды коргоо максатында чечимдерди макулдашуу үчүн «саясий кеңешүү» баштай турганын жарыялады.

Саркисян Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюлганын маалымат каражаттарынан билгенин айтты.

«Тилекке каршы, мени менен республиканын президенти катары бул документ боюнча эч ким кеңешип же талкуулаган эмес жана бул сүйлөшүүлөргө катышкан эмесмин», - деп билдирди Армен Саркисян.

Ал өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн өтө маанилүү документке кол коюларда кеңири кеңешүү өтүшү керек болчу деген пикирин кошумчалады.

Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып кол койгон партиялардын арасында парламенттеги негизги оппозициячыл күч «Гүлдөгөн Армения», мурдагы президент Серж Саркисяндын «Республика» партиясы жана башка саясий уюмдар бар.

9-ноябрь түнү Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы алдында Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ал документке ылайык, Азербайжан соңку кагылышууда ээлеген аймактарга өз көзөмөлүн сактап калат. БУУнун келишимдерине ылайык Тоолуу Карабакка качкындар кайтып барат жана тараптар чектешкен сызыкка орусиялык аскерлер тынчтык сактоо күчтөрү катары жайгаштырылат. Орусиянын аскерлери Тоолуу Карабакка учуп келип жатканы кабарланды.

Бул келишимге кол коюлган соң Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев билдирүү жасашкан.

Ал эми Армениянын премьер-министри Никол Пашинян «Фейсбуктагы» баракчасына түз эфирге чыгып, бул келишимди кол коюудан башка арга жок экенин билдирген. Ал «учурдагы кырдаалга мурдагы коррупциялашкан өкмөттөрдүн иш-аракеттери себеп болду» деп кыйыткан.

Тоолуу Карабак 1990-жылдардын башындагы согуш маалында Бакудан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган. Бул аймактагы кырдаал 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу чатак уланып жаткан. Акыркы күндөрү Азербайжандын аскерлери бир нече калктуу конушту ээлеп, соңку жолу стратегиялык Шуша шаарын өз көзөмөлүнө алган болчу.

Бул аймактагы жарым кылымдан берки көп кишинин өмүрүн алган катуу кагылыш болуп калды.

XS
SM
MD
LG