Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:46

Кой-Таш окуясы: Айыпталуучу Алга Кылычов тергөө менен кызматташуудан баш тартканын билдирди


Алга Кылычов.
Алга Кылычов.

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын бири Алга Кылычов тергөө менен кызматташуудан баш тарткандыктан, анын ишин Аламүдүн райондук соту өзүнчө карап жатат. Кызматташуудан баш тартуу тууралуу арызды ал 18-августта жазган. Ошондон бери 4-5 соттук отурум пландалып, бирок прокуратурадан өкүлдөр барбагандыктан сот боло элек. Бул тууралуу Кылычов өзү «Азаттык» радиосуна 10-ноябрда билдирди.

Мурдагы президенттин тарапкери Алга Кылычов «Кой-Таш иши» боюнча 2019-жылы август айында камакка алынган. Андан бери Бишкектин №1 тергөө абагында эки ай, андан кийин баңгизатка каршы мекеменин камагында 1,5 ай кармалган. Кылычовдун айтымында, бул аралыкта күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери өзүн кыйнап, жакындарын коркутуп-үркүткөндүктөн, тергөө менен кызматташууга аргасыздан макул болгон. Ал ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бербегенин белгиледи.

Кылычовго байланышкан кийинки отурумун Аламүдүн райондук соту 26-ноябрга белгиледи.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында өткөн. Анда бир адам каза болуп, 175 адам жараат алган.

Бул иш боюнча баш-аягы 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен кине коюлган. Сот аягына чыга элек.

Ал эми тергөө менен кызматташканы үчүн калган беш кишинин иши өзүнчө каралары айтылган. Алар алгач кармалып, кийин коё берилген.

Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучулардын дагы бири Амантур Жамгырчиев да тергөө менен кызматташуу тууралуу мурда кол койгон макулдашуусунан баш тартканын 30-октябрда билдирген. Ал да үч соттук отурум болгонун, бирөөнө да айыптоочу тарап келбегенин айткан.

Прокуратура тарап Кой-Таш окуясы боюнча тергөө менен кызматташуудан баш тарткандардын иши тууралуу расмий маалымат бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG