Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги Шуша шаарын алдырганын ырастады


Азербайжандын коргоо министри Шуша шаарынын чок ортосунан тартылган видеону социалдык тармактарга жайгаштырды. Видеодон алынган сүрөт. 9-ноябрь, 2020-жыл.
Азербайжандын коргоо министри Шуша шаарынын чок ортосунан тартылган видеону социалдык тармактарга жайгаштырды. Видеодон алынган сүрөт. 9-ноябрь, 2020-жыл.

Жикчил Тоолуу Карабак аймагынын лидерлери Азербайжандын күч түзүмдөрү айыгышкан кармаштан кийин стратегиялык Шуша шаарын өз карамагына алышканын билдиришти.

«Тилекке каршы, акыркы күндөрү бир нече ийгиликсиз окуя бизди тооруду. Шуша шаары толугу менен биздин көзөмөлдөн чыкты»,-деп жазды «Фейсбукка» таанылбаган аймактын де-факто өкмөтүнүн басма сөз катчысы Ваграм Погосян.

Тоолуу Карабактагы экинчи чоң шаар деп саналган Шуша алынганын бир күн мурда Азербайжандын президенти Илхам Алиев жарыялаган. Ал Би-Би-Сидеги маегинде Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашинян менен тынчтык сүйлөшүү өткөрүү мүмкүнчүлүгүн көрбөй турганын айтты.

Шуша шаары жикчил аймактын борбору Степанакерт менен Армениянын аймагын бириктирген негизги жолдун боюндагы дөңсөөдө жайгашкан. Расмий Ереван Тоолуу Карабактын өз алдынчалыгы үчүн күрөшүп келген жикчилдерди колдойт.

Тоолуу Карабактагы жикчилдердин ортосундагы соңку кагылыш сентябрь айынын соңунда кайра башталган. Тоолуу Карабак 1990-жылдардын башындагы согуш маалында Бакудан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган.

Салгылашуулар башталган алты аптадан бери кеминде миң киши каза болду. Бул жарым кылымдан берки өлүм менен коштолгон катуу кагылыш болуп калды. Атышууну токтотуу боюнча бир нече жолку аракет ишке ашкан жок.

XS
SM
MD
LG