Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Өкмөт насыя карызы барларга бюджеттен 1,2 миллиард сом бөлүп бермей болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт банктардан насыя алган жарандарга колдоо көрсөтүү механизмин иштеп чыкты. Бул тууралуу 9-ноябрда Нарында эл менен жолугушууда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, каржылык булак аныкталды, жардам 100 миң сомго чейинки өлчөмдөгү насыясы барларга берилет жана бул үчүн бюджеттен бир миллиард 200 миллион сом жумшалат.

«100 миң сомго чейин насыя алгандардын үч айлык пайыздык үстөгү боюнча жардам беребиз. 100 миңге чейинкилерге гана. Бул – аябай начар турмушта жашагандар, 20 миң, 50 миң же 80 миң алгандар. Андан өйдө мамлекеттин күчү жетпейт экен. 10-15 күндөн бери ушул маселенин үстүндө иштеп жатканбыз. Акыры кечээ чечиштик», - деди ал.

Жапаров кошумчалагандай, жардам 600 миңдей үй-бүлөгө берилет. Алар үч айдын – декабрдын, январдын жана февралдын үстөк пайызын же негизги сумманын кайсы бир бөлүгүн төлөөдө жеңилдик алышат.

Кыргызстанда банктардан насыя алып, бирок кайтарып бере албай калган жарандарын маселеси олуттуу социалдык көйгөйлөрдүн бирине айланган. (RK)

XS
SM
MD
LG