Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:36

Грузияда оппозициянын митинги өтүүдө


Тбилисидеги оппозициянын акциясы. 8-ноябрь, 2020-жыл.
Тбилисидеги оппозициянын акциясы. 8-ноябрь, 2020-жыл.

Грузиянын баш калаасы Тбилисиде «Өз добушуңду корго!» деген ураандын алдында оппозициянын митинги өтүп жатат. Акцияга чыккан миңдеген адамдар 31-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылыгын билдиришүүдө.

Анда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы шайлоочулардын 48,23% добушун алган. Ошондой эле бир мандаттуу 13 аймакта аталган партиянын талапкерлери жеңишке жеткен.

17 аймакта, анын ичинде Тбилисиде 21-ноябрда шайлоонун экинчи айлампасы өтөт.

Шайлоонун жыйынтыгын оппозициядагы бир да партия тааныган эмес. Мындан улам парламенттин жаңы чакырылышына өткөн оппозициячыл депутаттар өз мандаттарынан баш тартышты.

31-октябрдан бери Тбилисиде жана башка шаарларда толкундоолор токтой элек.

Бул ирет Грузияда шайлоо жаңы система менен өттү. Ага ылайык, парламенттеги 150 депутаттын 120сы партиялык тизме менен, ал эми калган 30 депутат бир мандаттуу округдан келет.

XS
SM
MD
LG