Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:12

Баткендеги жол кырсыгы беш адамдын өмүрүн алды


Баткен облусунда 8-ноябрдагы жол кырсыгы беш адамдын өмүрүн алып кетти.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Ош-Исфана жолунда, Рават айылынын аймагында "Мерседес-Бенц" жана "ДЕУ-Нексия" машинелери кагылышып, жүргүнчүлөр каза болушту.

Кырсыкка жогорку ылдамдык себеп болгону айтылууда. Маркумдардын аты-жөнү такталууда.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2020-жылдын тогуз айында 4 184 жол кырсыгы катталып, 496 адам каза болду, 6 271 адам ар кандай жаракат алды. Бир жыл мурун тогуз айда 4 691 кырсык катталып, 529 адам көз жумган. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG