Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:49

Мадумаров: парламенттин 28-октябрдан кийинки ишмердигин тааныбайм (видео)


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Президенттик шайлоого талапкер болорун билдирген Адахан Мадумаров парламенттин 28-октябрдан кийинки ишмердигин жана чечимдерин тааныбайт. Ал 7-ноябрда Москвада кыргызстандык мигранттар менен жолугушкан учурда өлкөдөгү абал мыйзамдуулуктун чегинен чыгып кеткенин айтты:

"Элдин талабы" деп канчалык кыйкырышпасын, жарлык менен да, мыйзам менен да парламент ишин улантууга акысы жок. Эч бир өлкөнүн Кыргызстанда азыр бийликтемин деп отургандарды тааныбаганы буга ачыктан ачык далил,- деди Мадумаров.

Шайлоо: Мадумаровдун талабы, Жапаровдун убадасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү 28-октябрда аякташы керек эле. 4-октябрда жетинчи чакырылышка шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыктан мурдагы депутаттар ишин улантууда. Кийинки шайлоо качан болору азыр белгисиз.

Мадумаров бийлик конституциялык реформа жүргүзүүдөн мурда 20-декабрда парламенттик, андан соң президенттик шайлоону өткөрүшү керектигин белгиледи. Анын мигранттар менен жолугушуусун Орусиядагы кыргызстандыктар түптөгөн "Мен макул эмесмин", "Укугум бар" кыймылдары уюштурду. Жыйын Москвадагы Транспорт университетинин Маданият үйүндө өттү. Уюштуруучулар алдыдагы күндөрү Санкт-Петербург, Тверь жана башка шаарларда да жолугушуулар болорун билдиришти.

Кыргызстанда президенттик чукул шайлоо 10-январга белгиленген. Адахан Мадумаров талапкер болорун 30-октябрда жарыялаган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялары башламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, Садыр Жапаров өкмөт башчылык менен катар мамлекет башчынын милдетин да аткарууда. Ал да президенттик шайлоого ат салышарын жарыялаган, бирок азырынча БШКга арыз бере элек. Андан тышкары дагы тогуз адам талапкерлигин коюуда.

Бийлик алмашуудан кийин мамлекет башына келген Садыр Жапаровду Өзбекстандын жана Казакстандын өкмөт башчылары гана куттуктады.
(SE\LzT)

XS
SM
MD
LG