Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:17

Виталий Кличко Киевдин мэрлигине кайра шайланды


Виталий Кличко Киев шаарынын мэри болуп алгач 2014-жылы шайланган.
Виталий Кличко Киев шаарынын мэри болуп алгач 2014-жылы шайланган.

Виталий Кличко Киев шаардык кеңешиндеги шайлоодо 50,52% добуш алып, дагы бир кызматтык мөөнөткө шайланды. Бул орунга 17 талапкер ат салышкан жана бир катар байкоочулар мэрди шайлоо эки айлампа менен өтүшү мүмкүн экенин боолголошкон.

Киев шаардык кеңешине жалпысынан жети партия өттү жана арасында президенттин "Эл кызматчысы" партиясы да бар.

Кличко Киев шаарынын мэри болуп алгач 2014-жылы шайланган. Былтыр сентябрь айында аны кызматтан алуу тууралуу чечимден улам украин өкмөтүн, ошол кездеги премьер-министр Алексей Гончарукту жана президенттин кеңсесинин ошол кездеги башчысы Андрей Богданды сотко берген.

Борбордук бийлик Кличкону "паракорлукка жол берген" жана "шаардык кеңешке көзөмөлдү жоготкон" деп айыптаган. Кличко дооматтардын баарын четке кагып, Коррупцияга каршы улуттук бюрону ишин иликтөөгө чакырган.

Дүйнөнүн бокс боюнча бир нече жолку чемпиону Кличко Кыргызстанда, Чүй облусунун Ак-Суу айылында төрөлгөн.

XS
SM
MD
LG