Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:19

Жогорку Кеңештин имаратынын айланасындагы тосмо алынып жатат


Жогорку Кеңеш менен президенттик администрацияны курчаган тосмо алынууда. 6-ноябрь, 2020-жыл.
Жогорку Кеңеш менен президенттик администрацияны курчаган тосмо алынууда. 6-ноябрь, 2020-жыл.

6-ноябрда Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Жогорку Кеңештин имаратынын айланасындагы темир торду ала баштады. Бул чечим 5-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун мэрге жазган расмий катынан кийин аткарылган.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев имараттын тегерегин көрктөндүрүү боюнча иш башталарын айтты.

«Бул тосмону алуу идеясы премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго таандык. Муну символикалуу көрүнүш десек болот. Эл менен бийликтин ортосундагы тосмону алуу боюнча демилге болуп саналат», - деди Түлөбаев.

Ал эми алынган темир тосмолор кайсы жакка берилери азырынча чечиле элек. Түлөбаевдин айтымында, имараттын жанындагы 7-апрель окуяларынын курмандыктарынын аттары жазылган эстелик такта алынбайт.

Тосмону алууну Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов да көзөмөлдөп турду. Парламенттин имараты Кыргызстандын өзгөчө коргоого алынган объектиси болуп саналат. (BCh)

XS
SM
MD
LG