Бүгүн, 6-ноябрда Бишкекте борбор калаанын «Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасы уюштурган уникалдуу долбоордун алкагында сүрөт көргөзмөсү ачылат.
«Жан кирген сүрөттөр» аттуу иш-чарада бул мекеменин жумушчуларынын концерттик программасы да тартууланат.
Долбоор Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейи менен бирге уюштурулган. Бишкекти жашылдандыруу иштерин аткарган, бак жана гүл тигип, аларды баккан жумушчулар белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектериндеги каармандардын образында фотосүрөткө түшкөн. Бүгүнкү көргөзмөгө ошол сүрөттөр коюлат. (RK)