Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:09

Бабанов: Премьерлик сунуш кылынган жолугушууга мени Сулаймановдун жансакчысы чакырып барган


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов аны 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки бийлик алмашуу учурунда премьер-министрликке сунуштоо окуясы тууралуу түшүндүрмө берди. Ал 5-ноябрда “Kaktus.media” порталына маек куруп, 7-октябрдагы жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун жансакчысы чакырып барганын билдирди:

“Аныктагыңар келсе Клара Сооронкуловадан, Тилек Токтогазиевден сурасаңар болот. 7-октябрда таңга маал саат беште Алтынбектин жанында жүргөн Жеңишбек деген жансакчысы келип, уктап жаткан жеримден тургузган. Ошондо мен телефондон Жоодар Шадыканов менен сүйлөшсөм ал ““Жаннат” мейманканасынан жолугалы, ошол жерден “Реформа”, “Бир Бол”, “Ата Мекен” биригип сизди көрсөтөлү” деди. Мен “Жаннат” мейманканасына барсам, ал жерде Тилек Токтогазиев, Клара Сооронкулова, Элвира Сурабалдиева, Алтынбек Сулайманов, Жоодар Шадыканов бар экен. Алар “Сизди премьерликке көрсөтүүнү туура көрдүк, сизди колдойбуз. Биздин шартыбыз – Алтынбек спикер болот, анан сиз премьерликке шайланасыз” дешти. Мен макул дедим”.

Бабанов: Тынчтык митингин өткөрөбүз
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00

2-ноябрда Бабанов «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасындагы маегинде Алтынбек Сулайманов, Тилек Токтогазиев, Клара Сооронкулова, Жоодар Шадыканов жана алардын тилектештеринен өкмөт башчылыкка сунуш болгонун айткан.

4-ноябрда депутат Сулайманов бул тууралуу “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып Бабанов өкмөт башчы болуш үчүн “өзү чуркаганын” билдирген:

“Ал мезгилде ошондой сөздөр болгон. «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика», “Реформа” баштаган бир топ партиялардын жаштары Бабановдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка сунушташкан. Ал жерге мени да чакырышкан. Премьерликке менин жеке көз карашым боюнча альтернативалуу сунуштар болсо деген элем. Бабанов «мени өздөрү сунуш кылышты» деп кийин айтып жатат. «Мен премьер-министр болуп, абалдан чыгарып кетет элем» деп өзү эле чуркаган”.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо башаламандык менен коштолуп, өлкөдө бийлик алмашкан. 9-октябрда «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» жана «Республика» партияларынын өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, анда «Акыркы үмүт» аттуу саясий бирикме түзүү тууралуу меморандум кабыл алынганын, өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду, биринчи вице-премьер министрликке Тилек Токтогазиевди сунуш кылынып жатканын жарыялашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG