Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

ТИМ: Жакын арада жогорку деңгээлде кыргыз-өзбек жолугушууларын уюштуруу маселеси макулдашылды


Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов. Ташкент шаары, 2020-жылдын 5-ноябры.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов. Ташкент шаары, 2020-жылдын 5-ноябры.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жакын арада жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушууларды уюштуруу маселеси макулдашылды. Бул тууралуу 5-ноябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Руслан Казакбаевдин Ташкентте өткөн иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалыматында билдирди.

Казакбаев өзбекстандык кызматташы Абдулазиз Камилов менен жолугушуп, кызматташтыктын бардык багыттарын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда жакын арада өкмөт аралык жана парламент аралык комиссиялардын кезектеги жыйындарын да, чек аралаш аймактардын акимдеринин жолугушууларын да өткөрүү зарыл экендиги айтылды.

Министрлер тез арада чечүүнү талап кылган маселелер боюнча иш план даярдоону макулдашты.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин жыйынтыктоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, эки өлкөнүн бул багытта иштеген өкмөттүк топторунун ишин күчөтүүнүн зарылдыгы тууралуу кеп болду.

Ташкентте Казакбаев Өзбекстандын премьер-министринин инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча орун басары Сардор Умурзаков менен да сүйлөшүү жүргүздү.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митингинен кийин өлкөдө бийлик алмашкан. Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен чет өлкөлөрдөн расмий түрдө азырынча Өзбекстандын гана өкмөт башчысы куттуктады. (RK)

XS
SM
MD
LG