Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:37

УКМК: ИИМ башчысынын биринчи орун басары Өмүрзаковдун иниси боюнча териштирүү жүрүп жатат


Солдо Канназар Ыдырысовдун үйүнө келгендер, оңдо Ыдырысов.
Солдо Канназар Ыдырысовдун үйүнө келгендер, оңдо Ыдырысов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаарынын тургуну, 51 жаштагы Канназар Ыдырысовду ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси Улукбек Өмүрзаковдун коркутуп-үркүтүүсү тууралуу айтып бериши үчүн мекеменин борбордук аппаратына 6-ноябрга чакырды. Бул тууралуу 5-ноябрда мекеменин басма сөз кызматы кабарлап, текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

3-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров Ош шаарында эл менен жолугушуу өткөрүп жатканда ага Ыдырысов кайрылып, Өмүрзаковдордун үй-бүлөсү тууралуу даттанган болчу.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ошол эле күнү, 3-ноябрда Ыдырысов УКМКнын Оштогу башкармалыгына чакырылган, эртеси күнү арыз жазып кайрылган. Ал Улукбек Өмүрзаковго карата чара көрүүнү суранган жана ал чогуу иштеткен «Жолчырак» көмүр кенин бир жыл мурда мыйзамсыз басып алганын, «үлүш» үчүн акча талап кылып жатканын билдирген. Бул факт 4-ноябрда маалымат журналына катталган.

Башкы прокуратура ишти териштирүүнү Ош шаардык прокуратурасына тапшырган. Шаардык прокуратура жогоруда айтылган факт боюнча сотко чейинки териштирүү баштап, материалдарды шаардык милицияга өткөрүп берген. Башкы прокуратурага тийиштүү чечим кабыл алыш үчүн Улукбек Өмүрзаков прокуратура органдарынын кызматкери экени жөнүндө маалымат жөнөтүлгөн.

Прокурор Өмүрзаковго «Азаттыктын» кабарчысы жолукканда ал Ыдырысовду жакшы тааный турганын айтып, бирок айыптаган кайрылуусу боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан. 5-ноябрда ал Ошто брифинг өткөрүп, мыйзамсыз иштерге тиешеси жок экенин айтты жана аны каралаган адамдарды сотко берерин билдирди.

4-ноябрда Ыдырысов Жапаровго ачык кайрылуусунан кийин Өмүрзаковдордун кысымына кабылганын, коопсуздугунан кооптонуп, үйүнө барбай жүргөнүн айтып чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG