Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

ЕБ мүчөлөрү Лукашенко баштаган адамдарга санкция салууну макулдашты


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Европа Биримдигине кирген өлкөлөр Александр Лукашенко менен кошо беларус бийлигинин 14 өкүлүнө каршы санкция салууну макулдашты. Уюмдун туруктуу мүчөлөрүнүн комитети аларды Беларустагы шайлоодогу мыйзам бузууга, нааразылык акцияларындагы зордук-зомбулукка жооптуу деп тапты. Бул тууралуу "Азаттыктын" беларус кызматы өз булактарына таянып жазды. Ага ылайык, аларга Евробиримдиктин аймагына киришине тыюу салынат жана активдери камакка коюлат. Эми бул санкция Еврошаркеттин Кеңешинде колдоо табышы керек.

Өткөн айдын башында аталган уюм Беларустагы шайлоодогу мыйзам бузууга жол бергендиктен жана тынч жыйындарга чогулган жарандар кабылган зордук-зомбулуктан улам 40 адамды санкциялык тизмеге киргизген. Ал тизмеге Лукашенко кошулган эмес. Беларустун тышкы иштер министри буга тиешелүү жооп кайтарыларын эскерткен, бирок көрүлө турган чаралардын чоо-жайын тактаган эмес.

Беларуста 9-августта президентти шайлоо өткөн жана Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес, ошондон бери өлкөдө нааразылык акциялары токтой элек. Күч органдарынын ашкере күч колдонуп демонстранттарды кууп таратканы, жарандык активисттер менен оппозиция өкүлдөрүнүн камалганы эл аралык коомчулукта сынга алынган.

Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү, АКШ жана Украина Лукашенкону легитимдүү президент катары тааныган эмес.

Сентябрь айынын аягында Британия Лукашенко менен анын уулу Викторго жана дагы алты аткаминерге санкция салган. Буга чейин Латвия, Литва менен Эстония Лукашенко баштаган 130 адамды «кара тизмеге» кошкон.

XS
SM
MD
LG