Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

АКШ Париж келишиминен чыкты


Британиялык активист Миа-Роуз Крейг Түндүк муз океанында «Жаштар климат үчүн» деген жазууну кармап отурат. 20- сентябрь, 2020-жыл.
Британиялык активист Миа-Роуз Крейг Түндүк муз океанында «Жаштар климат үчүн» деген жазууну кармап отурат. 20- сентябрь, 2020-жыл.

АКШ 4-ноябрда климат боюнча Париж келишиминен чыгуу боюнча жараянды аяктады. Бул боюнча жарлыкка 2017-жылы жайында президент Дональд Трамп кол койгон. 2019-жылдын башында келишимден чыгаары тууралуу расмий Вашингтон БУУга маалымат берген.

Климат боюнча Париж келишиминен чыгуу Трамптын 2016-жылдагы алгачкы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда берген убадаларынын бири болчу. Ал Париж макулдашуусу экономикалык жактан Кошмо Штаттарга пайдасыз экенин, айлык акыны азайтып, фабрикалардын жабылышына алып келерин жана америкалыктардын каржылык бакубаттуулугуна терс таасир эте турганын билдирген.

Трампты сындагандар Вашингтон Париж келишиминен баш тартуу менен дүйнөлүк коомчулуктун глобалдык жылуулукка каршы аракеттерине сокку урарын айтышкан.

БУУнун Париж келишимин 2015-жылы 195 мамлекет Францияда кабыл алган. Ага ылайык, дүйнө өлкөлөрү 2100-жылга карата глобалдык температуранын орточо ысышын эң жогору дегенде индустриалдык доорго чейинкиден же 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн эки Целсий градуска ашырбоо боюнча аракеттерди көрүшү керек.

АКШ Париж келишиминен чыккан алгачкы мамлекет болуп калды.

XS
SM
MD
LG