Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Жогорку Кеңеш кышка даярдыкты талкуулайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 5-ноябрда жалпы жыйынга чогулуп, бир нече маселени карайт. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, күн тартибиндеги биринчи маселе – президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратка быйыл 5-6-октябрдагы окуялар учурунда келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча мекеме аралык комиссия түзүү.

Мындан тышкары депутаттар өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу өкмөттүн маалыматын угушат, андан кийин өкмөттүн экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча ишин талкуулашат.

Бишкекте 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы нааразылык акциясы өтүп, 6-октябрга караган түнү президенттин жана парламенттин иш кеңсеси талкаланган. Депутат Акылбек Жапаров оңдоо иштерине 450 миллион сом кетерин айткан, бирок кийин президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров анын сөзүн четке кагып, 10 миллион сомго жетпеген акча талап кылынарын билдирген.

Коронавирус боюнча азыркы эпидемиологиялык абалды адистер экинчи толкун деп атап жатышат.

Ал эми кышка даярдык доллардын артынан негизги азык-түлүк улам кымбаттаган шартта өтүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG