Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:51

БШК: Президенттикке талапкер болууга жети киши арыз берди


4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштарды саноо учуру.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштарды саноо учуру.

4-ноябрда «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев жана саясат талдоочу Бакыт Бакетаев президенттикке талапкер болуш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз беришти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Бүгүнкү арыз тапшыргандар менен президенттик жарышка катышууга расмий кайрылгандардын саны жети кишиге жетти.

Буга чейин БШКга президенттикке талапкер болуш үчүн Бектур Асанов, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев жана Адахан Мадумаров расмий арыз тапшырган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев 4-ноябрдагы парламенттин жыйынында алдыдагы президенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын атынан талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандыктан, бул кызматын тапшырып берүүнү чечкенин жарыялаган.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, кийин бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин башаламандык убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат.

Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган. 14-ноябрга чейин кызматын тапшыраарын Жапаров 3-ноябрда билдирген. Ал БШКга арыз бере элек.

Президенттик чукул шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президенттикке талапкер болууну каалаган жарандар 15-ноябрга чейин БШКга арызын берип, 7-декабрга чейин бир миллион сом күрөө менен кошо тиешелүү документтерин толук тапшырып бүтүшү керек. (TSh)

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG