Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Чүй облусунда гранатометтор катылган жай табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 3-ноябрда Чүй өрөөнүнөн РПГ-18 үлгүсүндөгү эки гранатомет катылган жай табылганын кабарлады.

Маалыматка караганда, курал-жарак жашыруун сакталган жер Ички иштер министрлиги менен жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында табылган.

Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренеси («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») менен катталды.

Курал сактагандарды табууга багытталган иш-чара уланып жатканы кабарланды. (BCh)

XS
SM
MD
LG