Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

АКШда шайлоо күнү биржаларда акциялардын баасы көтөрүлдү


Флоридадагы шайлоочулар. 3-ноябрь, 2020-жыл.
Флоридадагы шайлоочулар. 3-ноябрь, 2020-жыл.

3-ноябрда АКШнын бир катар фондулук биржалары бир нече пайыздык кымбаттоо менен жабылды. «France-Presse» маалымат агенттиги кабарлагандай, президенттик шайлоо күнү «Dow Jones» индекси 2,1% көтөрүлүп, өткөн аптадагы жоготуулардын бир бөлүгүн калыбына келтирди.

«S&P 500» биржасы 1,8%, технология компаниялары көпчүлүктү түзгөн «NASDAQ» индекси 1,9% жогорулады.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо өтүп жатат. Анда Республикалык партиядан президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышууда.

Кайсы бир талапкер шайлоону жеңип чыгышы үчүн шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болушу керек. Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу 100 миллиондой шайлоочу алдын ала добуш берди. Ушундан улам адистер айрым штаттарда шайлоонун толук жыйынтыгы дароо чыгарылбай турганын, себеби добуш саноого көбүрөөк убакыт кетерин билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG