Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:08

Азербайжан Тоолуу Карабактагы согуштан каза болгон жайкын жарандардын санын ачыкка чыгарды


Тоолуу Карабак.
Тоолуу Карабак.

Азербайжан Тоолу Каарбактагы бир айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан куралдуу кагылышуудан каза болгон тынч жарандардын саны 91 кишиге жеткенин билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн прокуратурасы кабарлады. Андагы маалыматка караганда, кагылышуудан жарадар болгон жарандардын саны 400дөн ашык.

3-ноябрда Азербайжандын Коргоо министрлиги армян аскерлери Физули шаарын оор аскердик куралдан аткылаганын билдирди. Буга чейин расмий Баку Физули шаары соңку операциялардын жүрүшүндө бошотулганын кабарлаган эле.

Өз кезегинде Армениянын Куралдуу күчтөрү Физули шаарын аткылоо боюнча маалыматты четке какты. Тескерисинче, эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги Азербайжан Шишуи жана Мартуни шаарларын аткылаганын билдирди. Баку муну четке каккан.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабактагы абал быйыл 27-сентябрда курчуп кеткен, куралдуу кагылышуу уланууда. Буга чейин Орусиянын жана АКШнын арачылыгы менен үч ирет ок атууну токтотуу боюнча келишим түзүлүп, бирок ал ишке ашкан жок.

XS
SM
MD
LG