Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:07

ТИМ: Австрияда жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок


Вена шаары.
Вена шаары.

Австриянын борбор шаары Венадагы кол салуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу 3-ноябрда Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин маалыматына таянып өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Коркунуч ыктымалдыгы жогору болуп жаткандыктан Венадагы кыргыз жарандарына эл көп топтолгон жерлерге барбай, коомдук транспортко түшпөй коё туруу сунушталды.

2-ноябрда Венанын алты жеринде ок атуу менен коштолгон кол салуу болгон. Соңку маалыматка караганда, төрт адамдын өмүрү кыйылды, 18 адам түрдүү жараат алды. (RK)

XS
SM
MD
LG