Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Бабанов: 9-октябрда аянтта үчүнчү күчтөр чагым кылган (видео)


Ала-Тоо аянтындагы митинг. 9-октябрь, 2020-жыл.
Ала-Тоо аянтындагы митинг. 9-октябрь, 2020-жыл.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов 9-октябрь күнү Ала-Тоо аянтында башаламандыкты үчүнчү күчтөрдүн чагымы деп эсептейт. Бул тууралуу саясатчы «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында билдирди. Бабанов 13-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен жолукканын айтып, 9-октябрдагы окуяны да талкуулашканын белгиледи. Бабановдун айтымында, Жээнбеков, Жапаров да андагы чагым кылган топту өзүнүн тарапташтары катары тааныган эмес.

«Чагымчылдардын эки максаты болгон. Биздин жоон топко келип туруп ургулаганда биздеги жаш балдар аларды уруп, анан Садыр Нуркожоевичтин тарапташтары менен урушмак. Чоң чыр чыкмак, анан үчүнчү адам «мамлекетте мындай болуп атат» деп баарын тынчытып, камай турганын камап, ак болуп чыкмак. Ал ишке ашпаса буларды качырып жиберебиз деген экинчи максаты болгон», - деди Бабанов.

Бабанов ал үчүнчү күчтөр кимдер экенин айткан жок. Ошондой эле укук коргоо органдары окуяны териштирип жатканын кошумчалады.

9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги Садыр Жапаровдун тарапкерлери тарабынан үзгүлтүккө учураганы кабарланган. Садыр Жапаровдун тарапкерлери буга тиешеси жок экенин айтып чыгышкан.

Ошондой эле ал окуяда курал колдонулуп, ок атылган. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар машинелердин бирин атып жатканын көрүүгө болот. Кийинчерээк соцтармактарда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин, Сапар Исаковдун, Өмүрбек Бабановдун автоунаалары аткыланганы тууралуу маалыматтар тараган. (TSh)

XS
SM
MD
LG